Жылнаама, 9-март: Мындан 56 жыл мурун Нью-Йоркто оюнчуктар жарманкесинде Барби куурчагы көрсөтүлгөн

* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы саясий ишмер Адахан Мадумаров Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. Орусиядагы Тверь мамлекеттик университетинин мамлекеттин тарыхы факультетин жана КУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн. Адахан Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 4 жолку чакырылышынын депутаты. Ал 2005-2006-жылдары КРнын Вице-премьер министри, 2006-2007-жылдары КРнын Мамлекеттик катчысы, 2007-2008-жылдары ЖКнын төрагасы, 2008-2009-жылдары КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп эмгектенген. Ал эми 2013-жылы 30-августта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган.
 
* Мындан 39 жыл мурун, 1976-жылы кезинде "Сары-Ой", "Туулган күнүң менен, периштем!", "Арманым" деген ырлары менен популярдуу болгон "Инсан" тобунун солисти, кийин жеке ырчы катары белгилүү болгон Тынай Алыбаев Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылында төрөлгөн. Апасы мугалим, атасы зоотехник болгон. Ырчы 6 жашында гитарада ойногонду үйрөнгөн. 9-классты бүтүп, шаардагы училищелердин биринде ашпозчулукка окуган. Аны аяктагандан кийин музыкалык билим алыш үчүн Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырган. Ал жактан "Таазим" тобуна кирип, аны менен 1994-жылы Чубак Сатаевди эскерүү кечесинде сахнага чыккан. 1995-жылы топтун түзүүчүсү Марат Алыбаев каза болуп, топ жоюлуп кеткен. "Таазимден" кийин бир топ жыл өзүнчө ырдап жүрүп, 1998-жылы Эркин Мээрканов менен жолугуп, ал "Инсан" тобуна келүүсүн сунуштаган. "Инсан" тобу 1990-жылы түзүлүп, баштапкы курамында Эркин Мээрканов, Эмил Турусов, Аян Мамбеталиев, Нурлан Бейшекеев деген музыканттар болгон. Көп өтпөй топко кошулуп, бир нече хит ырларды аткарганга үлгүрүшкөн. 2000-жылдардан кийин "Инсан" тобу чыгармачылыкта бир топ жыл тыныгуу жасап, кийин Тынай Алыбаев жеке ырчы катары эл алдына чыга баштаган.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Түштүк Йемендин жээктеринде кеме кыйрап, 42 адам каза тапкан. Набыт болгондор Африкадан Йеменге иштөө үчүн келе жаткан мигранттар экени аныкталган. Жээк күзөтү кызматынын өкүлдөрү 30га жакын адамды куткарууга жетишишкен. Алар Майфаа шаарындагы качкындардын лагерине жөнөтүлгөн. 
* Мындан 56 жыл мурун, 1959-жылы Нью-Йоркто оюнчуктар жарманкесинде Барби куурчагы көрсөтүлгөн. Барбинин жаратуучусу "Mattel" оюнчук чыгаруучу фирмасынын башчысынын аялы Рут Хэндлер болгон. Ал кызы Барбара курбулары менен кагазга кыздын сүрөтүн тартып, аны кесип, ага кагаздан жасалган кийимдерди кийгизип ойноп жатканын көргөн. Ошондон улам Рутта куурчак чыгаруу идеясы пайда болгон. Алгач Барбиге чейин немис гезитиндеги комикстердеги башкы каарман Билд Лиллинин образынан алынган Лилли аттуу куурчак 1955-жылы чыккан. Андан соң Рут инженер Жек Райан менен биргеликте Лиллини өзгөртүп, кызынын атынан Барби деп чыгара башташкан.
9-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан