Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү шаар аймагында уурулук, карактоо кылмышы менен алектенип жүргөн кылмыштуу топту колго түшүрдү. Бул тууралуу 7-мартта аталган органдан билдиришти. "Кылмыштуу топ бир нече күн мурун жергиликтүү тургунга куралдуу кол салуу учурунда кармалды",- деп билдирет ШИИБ.
Саат 23:00 чамасында Балыкчы ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, үйдүн короосунун ичинде бет капчан белгисиз адамдар турушканын кабарлаган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, үйдүн ичине кирүүгө аракет кылып жатышкан 4 адамды колго түшүрүшкөн. Милиция кызматкерлери барган учурда кылмышка шектүүлөрдүн бири үйдүн балконунда, экинчиси кире бериште турушкан, калган экөө үйдүн эшигин ачууга аракет кылып жаткан.
Алар милиция өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүшкөн. Кылмышка шектүүлөр 1995-1996-жылы туулган жигиттер экени белгилүү болду. Алардын башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.