Бишкек - Ош трассасында жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады. ИИМден билдиришкендей, 7-мартта саат 01:00 чамасында аталган трассанын 626-чакырымында Хонда унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, автоунаа ала салып кеткен. Натыйжада 17 жана 19 жаштагы эки жүргүнчү кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Экспертизанын жыйынтыгы чыкканы, 22 жаштагы айдоочу мас абалында болгону айтылды.