24-февралда Бишкекте А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Кыргыз ССРинин Эл артисти, балетмейстер Уран Сарбагышевди эскерүү кечеси өтөт. Айта кетсек, Сарбагышев балет сахнасында “Жизель”, “Ромео жана Джульетта”, “Франческа да Римини”, “Дон Кихот” жана башка бир канча белгилүү чыгармалардын башкы ролдорун аткарган. Уран Сарбагышев 2012-жылдын 19-февралы күнү 78 жашында дүйнөдөн кайткан.