Бишкектеги жетим балдарга кайрымдуулук иш-чарасы өтөт
Бүгүн, 13-февралда саат 10:00дө Бишкектеги спорттук көңүл ачуучу жайынын биринде Свердлов районунун кароосуз калган 100 жетим балдарга, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн жана балдар үйүнүн жаш жеткинчектерине кайрымдуулук иш-чарасы өтөт. Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, балдарга ар кандай белектер берилип, алар оюн-зоок талаасында көңүл ачышмакчы жана аларга майрамдык стол уюштурулары билдирилди.