"Биринчиден, мыйзамда камтылган ойдун мамлекеттик жана расмий тилдердеги варианттарынын өз ара шайкештигине жетишүүбүз зарыл, башкача айтканда, мыйзамды эки тилде бирдей деңгээлде жазуу маселеси турат.
Экинчиден, мыйзамдагы түшүнүктөрдүн расмий тилге туура которолушу. Анткени мыйзамдын мамлекеттик жана расмий тилдеги варианттарынын ортосунда ажырым байкалса, мыйзамдын мамлекеттик тилдеги варианты жетекчиликке алына турганын эстен чыгарбоо зарыл.
Үчүнчүдөн, башка тилдерден кирген жаңы сөздөрдү, атоолорду, түшүнүктөрдү колдонуу жаатындагы баш аламандыктар. Аларды маанисине жараша которобузбу же сөзмө-сөз алабызбы, тилдин ички мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу жаңы атоолорду жасайбызбы же башка тилдеги даяр атоолорду өздөштүрүп алганыбыз жөндүү болобу? Бул талаштын башын ачып алышыбыз керек.
Төртүнчүдөн, мамлекеттик тилди андан ары өнүктүрүү жаатында эл аралык тажрыйбанын алдынкы үлгүлөрү менен алгылыктуу жактарын кыргыз кыртышында өнө тургандай пайдалануу жолдорун аныктоо, тагыраак айтканда, кыргыз тилиндеги мыйзам тилин өркүндөтүүнүн жаңы жолдорун, заманбап усулдарын, ийкемдүү ыкмаларын иликтөө жана аларды өз ишибизде колдонуу милдети турат",- дейт Жээнбеков.