Ош шаарынын 2013-жылдагы бюджетин түзүүдө жана аткарууда 60 миллион сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуулар катталган. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эң көп каржылык мыйзам буузулар Ош шаардык мэриясынын жана Ош шаардык кеңешинин аппаратында катталган. Аудитордук текшерүүдө акча каражатын негизсиз чегерип алуу жана максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган. Ошондой эле эмгек акылар, иш сапарларга барууда берилүүчү акча каражаттары да негизсиз которулган.