Жабырлануучу: “Күйөөмдү сүзүп кеткен унаанын айдоочусу "7-каналдын" жетекчиси болушу мүмкүн

“Күйөөмдүн өлгөнүнө 52 күн болду, бирок күнөөлүүлөр жоопко тартылбай, иш жабылып калды”,- деп билдирди Насиба Хожибекова бүгүн, 10-мартта болгон маалымат жыйыны учурунда. Анын айтымында, 18-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунда анын 1983-жылы туулган күйөөсү Жылдызбек Сарпашевди унаа сүзүп кетип, ал ошол жерден каза тапкан.

“Күйөөм каза болгондон кийин аны сүзүп кеткен айдоочу келип биздин ал-абалды сураган жок. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда бир балабыз бар, өзүбүз батирде турабыз. Балким, бизге материалдык, моралдык жактан жардам беришсе, биз сүйлөшүп алмакпыз. Жакында Бишкекке келип, иш жабылып калганын билдик. Укканыбызга караганда, айдоочу "7-каналдын" жетекчиси болушу мүмкүн. Тергөө иштери да жакшы жүргүзүлгөн жок. Биздин үй-бүлөгө жардам берип коюңуздар, иш кайрадан тергелсин”,- дейт маркумдун аялы.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
sagyn91
2015-03-10 16:50:30
Убагында кайрылсаныз жакшы болмок. Ким экенини билет экенсиз го?
0
turdumamatova
2015-03-10 17:54:50
Балким ошодур балким бул жон гана политикадыр???
0
Begimkyz
2015-03-10 17:55:07
Азыр деле кеч эмес.
0
Mir94
2015-03-10 18:05:49
7 канал Ташиевдин каналы деп калчы беле адашпасам,.
0
mekkka
2015-03-10 18:06:47
Жок дегенде куйоосунун кунун толоп бериш керек да. Кандай адам. Андайларды турмодо чиритиш керек озу
+5
jypar.i
2015-03-10 19:40:13
7-канал кайсы канал,ТВ каналбы?
-5
beka1207
2015-03-10 21:36:55
jypar.i, жоок,тв канал эмес суу аккан канал)))))
+2
Bektur2
2015-03-10 20:01:51
Кантип чыдап жашап журот жок дегенде барып кечирим сурап ыразычылыгын алса кудай алдында да ак болот беле. Кан койо бербейт дейтко кыргызда
+3
kyrgyz.93
2015-03-10 20:51:31
Кече эле Атабаевге лукошенко жооп жазган окудукко адилеттуулук жок дегенин эй кыргыз бир тууганым
0
sumash
2015-03-10 22:25:47
бийликдин потставасы
+1
Sadyrov_n93
2015-03-10 22:32:49
Эгер ошол болсо 7-каналдын башчысы болсо адам эмес экен,кантип журот экен директор болуп.
0
Bakulya79
2015-03-10 23:56:30
Ага окшогон иттер азыр коп.буга окшогондор башы да оорубайт олгон киши менен.
0
sagyn91
2015-03-11 08:55:45
Жалал Абадтын каналы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан