12-февралда “Манас” аэропортунан 1990-жылы Чүй облусунун Москва районунда төрөлгөн Т.А. аттуу жаран 1 килограмм 20 грамм гашиш менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Бул аракет боюнча Т.А. убактылуу кармоо жайына киргизилип, ага карата Кылмыш кодексинин 247-беренеси (мыйзамсыз баңгизатын сактоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.