Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы
Кубанычбек Азизов прокуратура органдары тарабынан айыл өкмөттөрү негизсиз текшерилип жатканын
парламент депутаттарына билдирди. Муну ал
парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик
түзүлүш комитети жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен
күрөшүү комитетинин 10-марттагы биргелешкен жыйынында айтты.Анын билдиришинче, прокуратуранын жаш кызматкерлери жыйынтык үчүн гана иштөөнү көздөп, айыл өкмөттөрүн текшерип, кылмыш ишин козгоого аракет жасашууда. "Жергиликтүү бийликти текшерүүлөр боюнча расмий сандар бул айсбергдин үстү гана. Расмий эмес текшерүүлөр абдан көп. Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр айыл өкмөттө иштейм деген адамды "сындырып" коюуда. Көптөгөн текшерүүлөр болсо, 4 кылмыш иши козголгон. 3 фактысы жайыт жерлерине байланыштуу. Мындан эч кандай экономикалык зыян келген эмес",- дейт Азизов.