Башкы прокуратура: Айыл өкмөтүн негизсиз текшерген прокуратура кызматкерлери жоопко тартылышат

Жергиликтүү бийлик органдарын негизсиз текшерүүгө алган прокуратура кызматкерлери тартиптик жоопкерчиликке тартылышат. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматов билдирди.

Анын айтымында, каттоосуз жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн санынын көбөйүшү айыл өкмөттөрү тарабынан жерлерди өзүм билемдик менен колдонууга берүү фактыларына байланыштуу. "Жерди трансформациялоо боюнча калк тарабынан прокуратурага бир жыл ичинде 648 доо арыз түшкөн. Мунун көбү айыл өкмөттөрү боюнча. Бул маселени чечүү үчүн жер маселесинде мамлекет өз мамилесин өзгөртүшү керек. Анткени бул тармактагы кылмыштар көбөйүп кетти",- дейт Бекмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан