Жылнаама, 11-март: Мындан 4 жыл мурун Японияда күчү 8,5 баллга жеткен жер титирөө, артынан келген цунами 16 миңге жакын адамдын өмүрүн алып кеткен

* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы "Париж клубу" аталган дүйнөлүк кредиторлордун биримдиги Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын 124 миллион долларын кечкендиги туурасындагы маалыматты Каржы министрлигинин басма сөз кызматы тараткан. Мындан тышкары "Париж клубу" Кыргыз Республикасынын 431 миллион доллар өлчөмдөгү тышкы карызынын төлөнүшүн кийинкиге калтырган. Дүйнөлүк кредиторлор биримдигинин чечимине ылайык, коммерциялык насыянын 50 пайызы кыскартылып, калган 50 пайыз акчанын төлөнүш убактысы 23 жылга узартылган.
* Мындан 285 жыл мурун, 1730-жылы карамагындагы дыйкандарды кыйнап өлтүргөндүгү менен тарыхта калган орус көпөс аял Дарья Салтыкова (Салтычиха) төрөлгөн. 26 жашында Дарья Салтыкованын күйөөсү каза болот. Ошол күндөн бир жарым жыл өткөн соң кол алдындагыларды сабоону адатка айланткан. Кийинчерээк алардын чачын жулуп, өрттөп, чачынан сүйрөп, башы менен дубалды сүздүрүп өлтүрө баштаган. Курман болгондордун көбү бойго жетип, күйөөгө тийчү кыздар болгон. Ошентип, ал 147ге жакын кол алдындагы жумушчуларын өлтүргөн. Дарья Салтыковага көп арыздар түшкөн, бирок ал көп учурда чиновниктерге акча жана белектерди берип, ачылган ишти жаптырып койгон. Савелий Мартынов менен Ермолай Ильиндин аялдарын өлтүргөнүн бул дыйкандар Екатерина IIнин өзүнө жеткизе алышкан. Сенаттын жана Екатерина IIнин чечими менен Дарья Салтыкова өмүр бою эркинен ажыратылып, камакта жатканда 1801-жылы 27-ноябрда каза тапкан.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Япониянын чыгыш жээгинде күчү 8,5 баллга жеткен жер силкинүү болгон. Жер титирөөнүн очогу Мияги префектурасынан 130 чакырым алыстыкта орун алган. Зилзаланын натыйжасында толкуган океан суусу жээктеги шаарларды жууп кеткен. 11-марттагы цунаминин бийиктиги 10 метрге чейин жетип, миңдеген үй жана имараттарды талкалаган. Бул окуя "өлкөнүн тарыхындагы эң көп зыян алып келген" деп таанылган. Зилзаланын кесепетинен “Фукусима-1” атомдук электр станциясында жарылуу болгон. Андан улам радиациянын айлана-чөйрөгө таралышы чоң коркунуч туудуруп, бул аймакта жашаган калк башка жакка көчүрүлгөн. 11-мартта башталган жер титирөө, артынан келген цунами 16 миңге жакын адамдын өмүрүн алып кеткен.
11-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан