11-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында кээ бир райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, Ысык-Көл акваториясында 17-22 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -5°C
Талас облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -6°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +5°C, түнкүсүн +3°C
Баткен облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -5°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -8°C
Нарын облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -13°C
Бишкек шаары. Күндүз +1°C, түнкүсүн -3°C