Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева ВИЧке кабылган балдарга мамлекеттен берилчү
жөлөк пулдун суммасын 3 миң сомдон 10 миң сомго көтөрүү боюнча парламент токтомунун аткарылбай жатышына нааразы. Муну депутат 10-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин Ош шаарында өткөн көчмө жыйынында билдирди. “ВИЧ илдетине кабылган балдардын ата-энелерин кабыл ала албай койдум. Анткени парламент токтому аткарылбай жаткандыктан, аларга эмне деп жооп беришти билбедим. Минтип өкмөт ишти аткарбай жаткандыгы үчүн биз уят болуп жатабыз”,- дейт депутат.
Социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, ВИЧке кабылган балдардын 392сине гана жөлөк пул төлөнүүдө. Көпчүлүгү ачыкка чыгуудан тартынышкандыктан, жөлөк пул алуу үчүн кайрылышпайт.