Кыргыз жериндеги жогорку окуу жайлардын популярдуу эмес факультеттери жабылат

Кыргыз мамлекетиндеги жогорку окуу жайлардын популярдуу эмес факультеттери жабылат. Бул тууралуу 10-мартта билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева маалымат жыйынында билдирди. "Жогорку окуу жайлары сандан сапатка өтүшү керек. Министрлик жогорку окуу жайлардын алдындагы юридикалык жактарды жабуу үстүндө иш жүргүзөт. 12 окуу жайда былтыр абитуриент топтой албаган бөлүмдөр иштеп жатат. Тармактык эмес факультеттер менен суроо-талап болбогон адистиктер жабылат",- деди министр. 
Сариева мындан ары абитуриентти жогорку окуу жайга кабыл алуудагы сынактын баллын (жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде) төмөндөтүү практикасы да токтотуларын айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан