Түштүк Кореянын Тэгу шаарында 8-мартта аталган өлкөдө жашаган кыргыз мамлекетинин айымдарынын жолугушуусу өттү. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушууга Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчилигинин өкүлү да катышып, элчиликтин атынан айымдарды жаз майрамы менен куттуктады. Иш-чаранын алкагында айымдарга түрдүү укуктук маселелер: ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт жана жарандык алуу боюнча кеп-кеңештер берилди. Жолугушууда кыргыз-корей мамилелерин бекемдөө үчүн элчилик менен аталган өлкөдөгү Аялдар биримдиги мындан ары биргелешкен иш-чараларды уюштуруу пландарын талкуулашканы айтылды.