12-февралда Кыргызстанда 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда ӨКМнын өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабев билдирди. Маалым болгондой, Бишкек шаарында - 2, Чүйдө - 3, Таласта - 1, Ош облусунда - 1, Жалал-Абадда - 1 жана Баткен облусунда - 2 өрт кырсыгы болгон. Айта кетсек, тилсиз жоодон адам өмүрүнө зыян алып келген фактылар катталган эмес. Ал эми Баткен облусундагы Лейлек районунун Бишкент айылына караштуу Айдаркен орто мектебинен чыккан өрт аталган мектептин китепканасын өрттөп кеткен. “Бул китепканада 3600 китеп бар болчу. Бирок мектептин абалы окууга жарактуу”,- деди Танабаев.