Владимир Путин мигранттардын эски үлгүдөгү патенттеринин жарактуу мөөнөтүн узартты

Орусияда мигранттардын 2014-жылдын үлгүсүндөгү патенттеринин жарактуу мөөнөтү узартылды. Тиешелүү мыйзамга Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгонун президенттик администрациянын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, аталган документ жогорку квалификациялуу адистер делинген чет өлкөлүк жарандарды Орусиянын аймагында эмгектенүүгө тартуу тартибин жакшыртууга багытталган. Эми 2014-жылдын ичинде 300 миңден ашуун патент берилген Орусиянын субъектисинин жогорку кызмат адамы патенттин мөөнөтүн узартуу сунушу менен миграция боюнча башкармалыкка кайрыла алат. Патент берилген күндөн баштап аны колдонуунун жалпы мөөнөтүн 12 айдан ашырууга мүмкүн эмес.

Мындан тышкары жаңы патент алууга керектелген документтердин тизмеси толукталды.

Эми мигрант жалпысынан төмөнкү кагаздарды чогултушу керек:
1) Патент алуу жөнүндө арыз;
2) Чет өлкөлүк жарандын өздүгүн ырастаган документ;
3) Миграциялык карта (анда келүүнүн максаты "Эмгектенүү" деп белгилениш керек);

4) Бир жылдык мөөнөткө берилүүчү Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полиси;

5) Оорулуу эместиги тууралуу маалым кат;

6) Орус тили, Орусия тарыхы жана мыйзамдары боюнча билими жөнүндө сертификаты;

7) Эгер патентти каттоо боюнча кайрылуу такталган мөөнөттөн (30 күн) кийин түшсө, айып пул төлөнүшү керек. Эгер мигрант мындайга кезиксе, айып пулду төлөөнү тастыктаган документти да тапшырат;

8) Каттоого тургузулгандыгы боюнча документ (каттоо);

9) Жеке жактардын кирешелерине салыкты такталган аванстык төлөм түрүндө төлөөнү тастыктоочу документтер. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан