"Салык отчётторун электрондук берүү” кызматын пайдаланган салык төлөөчү автоматтык түрдө “Салык төлөөчүнүн бөлмөсү” сервисине кире алат. Сервистин жардамы менен колдонуучулар бюджет менен эсептешүүнүн абалы жөнүндө, каттоо дайындары жөнүндө маалыматтарды ала алышат",- деп билдирет мекеме.
Салык кызматынын 2015-жылкы негизги пландары: салыктар боюнча планды ай сайын 100 пайызга аткаруу, салык төлөөчүлөр тарабынан электрондук түрдө отчёт берүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, накталай эмес эсептешүүнүн тутумун кеңейтүү экени айтылды.