12-февралда Сокулук районунда жеңил автоунаа уурдалган. Чүй ОИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш боюнча шектүү катары 22 жаштагы адам кармалып, ага карата унаага мыйзамсыз түрдө ээлик кылып алгандыгы үчүн кылмыш иши козголгону билдирилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.