Ошто тургунду тапанча менен коркутуп, акчасын алып кеткен жаран кармалды

Ошто тургунду тапанча менен коркутуп, акчасын алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 20 жаштагы А.А. аттуу Ош шаарынын жашоочусу кайрылган. Анда ал 8-март күнү белгисиз адам тапанча менен коркутуп, 7 миң сом акчасын алып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 28 жаштагы А.Э. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан