“Чалдыбар-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайында газ тапанчасын алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 10-март күнү аталган көзөмөл-өткөрүү жайында чек арачылар тарабынан Казакстандан келе жаткан кыргыз жараны кармалган. Аны текшерүү учурунда жанынан эч кандай документи жок газ тапанчасы табылган. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.