Ботаникалык бакчадагы жерге көз артуудан улам аны Токой чарба агенттигине өткөрүү аракети жүрүп жатканы айтылды

Улуттук илимдер академиясына караштуу Ботаникалык бакты Токой чарба агенттигине өткөрүп берүү демилгесине жарандык коом жана профессорлор каршы пикир айтышууда. Бул маселени көтөргөн жогорку окуу жайларындагы окутуучулар жамааты жана активисттер бакты коргоо боюнча экофлешмоб, ишембиликтерди өткөрүүнү пландашууда. 

Бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына биология илимдеринин кандидаты Медет Акматов буларды билдирди: "Ботаникалык бакты Улуттук илимдер академиясынан тартып алууга үчүнчү жолу аракет болуп жатат. Буга чейин Аскар Акаев, Курманбек Бакиев президент болуп турганда да аракеттер болгон. Бул жердеги негизги кызыкчылык коттедж сала турган жер тилкесинде болууда".

Ал дүйнө жүзү боюнча бардык өлкөлөрдө Ботаникалык бактар бар экенин белгилеп, Кыргыз Республикасы эл аралык жана КМШ өлкөлөрүндөгү Ботаникалык бактардын кеңешинин мүчөсү экенин кошумчалады. "Эл аралык кеңешмелер Ботаникалык бактын Токой чарба агенттигине өтүшүнө каршы чыгып, кат жиберишти. Эгер агенттиктин карамагына өтсө, өлкөдө Ботаникалык бак жок деп эсептелинип калат. Бактын жакшы каралбай жатканын айтып жатышпайбы, бул каражаттын жетишсиздигинен болуп жатат. Мамлекет бөлгөн каражат илимий кызматкерлердин айлыгына эле жетет. Калган акчаны өзүбүз тапканга аракет кылабыз",- дейт Медет Акматов

"Мамлекеттик агенттик менен Ботаникалык бактын максаттары такыр башка. Токой чарба агенттигинин милдети табигый токойлорду сактоо болсо, биздики - маданиятташтыруу шартында өсүмдүктөрдү өстүрүү. Ботаникалык бакта ар кайсы мамлекеттен алынып келинген 5 миңден ашуун бадал, дарак, өсүмдүктөрдүн түрү чогулган. Бул жакта изилдеп, шартка туура келгенин таратуу, жашылдандырууга колдонуу менен алектенебиз. Бирок эң негизги максат - өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо",- деди Акматов.

Интернеттеги социалдык тармактарда талкууда экологдор "Эгер Ботаникалык бакты Улуттук академиянын карамагынан чыгарса, бак кол тийбестиктен ажырап калат. Андан кийин жер тилкелерин арзыбаган акчага сатса болот" деген пикирде.

Өткөн аптадагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Бөдөш Мамырова Ботаникалык бакты Токой чарба мамлекеттик агенттигине өткөрүп берүү тууралуу "Мындай маселени көтөрүүдөн мурун эки мекеменин ишмердүүлүгүн изилдеш керек. Ботаникалык бакта илимий изилдөөлөр жүрөт. Анын Улуттук илимдер академиясынын карамагында калганы туура болот" деген пикирин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан