2015-жылдын 5-мартына карата 113 394 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын ичинен 33 158 уюм, 33 218 жеке ишкер жана 47 018 жеке жак. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 31-мартка чейин жеке жактар 2014-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек.
Аталган мөөнөткө чейин бирдиктүү салык декларациясын мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер тилкеси (короо жай тилкелеринен башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар берүүгө милдеттүү.
Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.
2-мартта юридикалык жактардан декларацияны кабыл алуу кампаниясы аяктагандыгын белгилеп кетебиз.
Толугураак маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын маалымат борборунун 194 номери аркылуу алууга болот.