Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-мартта 9 өлкөнүн кыргыз жериндеги элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды. Иш-чарада президент дипломатиялык миссия башчыларын кызматка киришүүсү менен куттуктап, Кыргыз Республикасы бул өлкөлөр менен соода-экономикалык, инвестициялык тармакта мамилени жандантууга кызыкдар экенин белгиледи.
"Ар бириңиздердин өлкөңүздөр менен кызматташууга терең маани берүү менен сиздерден соода-экономикалык байланышты жандантууга өзгөчө көңүл бурууңуздарды өтүнөм. Биздин өлкөдө сырттан инвестиция тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жетиштүү шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Бүгүнкү күндө өлкөгө чочулабай инвестиция салууга болот, анткени эң оор күндөр артта калды. Элибиздин акылмандыгы менен бул оор мезгилди басып өтө алдык. Кыргыз мамлекети өзүнүн туура жолун таба алды деп ишенем",- деди өлкө башчы.