Президент Алмазбек Атамбаев “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 28-январында кабыл алган.
Мыйзамдын максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылууга ыйгарым укуктуу болгон адистештирилген уюмдарын жергиликтүү маанидеги инфраструктураны тейлөөгө жана өнүктүрүүгө каралган каражаттын 2 пайыздык чегерүүсүн төлөөдөн бошотуу.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.