Казакстандын президенти
Нурсултан Назарбаев 2015-жылы өтүүчү кезексиз президенттик шайлоого катышууга макулдугун билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта казакстандык маалымат булактары жарыялашты.
Назарбаев президенттик шайлоого катышарын "Нур Отан" партиясынын жыйынында ырастаган. Жакын арада талапкерди расмий түрдө көрсөтүү боюнча партиянын чечими жарыяланмакчы.
Айта кетсек, Казакстанда кезексиз президенттик шайлоону өткөрүү 26-апрелге дайындалган.