Жыл башынан бери Бишкекте 1703 кылмыш катталган. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, катталган кылмыштардын көпчүлүгүн уурулук, алдамчылык фактылары түзөт. Алсак, эки айда 684 уурулук фактысы катталса, анын 44,7 пайызы ачылган. Ошондой эле алдамчылык боюнча 323 кылмыш катталган.