Ошто сот залынан айыпталуучуну качырып жиберген эки милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

Ош облустук сот залынан айыпталуучуну качырып жиберген эки милиция кызматкерине Ош облустук прокуратурасы тарабынан 2 берене боюнча кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. 

"Айыпталуучуну сот залынан качырып жиберген Ош облустук ички иштер башкармалыгынын коштоп жүрүү взводунун 2 кызматкерине "шалаакылык" жана "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренеси боюнча кылмыш иштери козголду. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда. Ал эми алардын ишин жергиликтүү прокуратура кароодо",- деди Ж.Ашырбаев.  

Айта кетсек, 25-февраль күнү айыпталуучу дааратканага барууга суранып, изин суутуп кеткен. Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизатын мыйзамсыз сактоо, колдонуу, ташуу, өндүрүү жана сатуу) менен айыпталып, соттун чечими менен эркинен 15 жылга ажыратылган. Айыпталуучу ал күнү башка кылмыш ишине күбө катары сот залына жеткирилип, милиция кызматкерлерин алдоо жолу менен качып кеткен. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында ал 1-март күнү борбор калаадан кармалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
angel_91
2015-03-11 16:56:05
Батукаевди качыргандарга да, ушинтип кылмыш ишин козгобойсунарбы???
+6
anjela500
2015-03-11 17:05:24
вот именно, байкуш кызматкерлерге гана алы жетет булардын
+3
bakyt_2015
2015-03-11 17:49:42
anjela500, Баардыгы ошол ылдый жактан башталат. Ошол томон жагы чатак болот.Шайтандын чонунан кичинеси жаман деп атпайбы.
+1
Nur45
2015-03-12 00:17:35
Качып кеткен табылды элего.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан