Борбордо спайс алып жүргөн эки жаран кармалды

Борбор калаада спайс алып жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын башчысы Алымжан Козубаев билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү борбор калаада бир нече жерде аталган каражаттын сатылышы боюнча жарыялар пайда болгон. Кечээ, 10-мартта спайс сатып жаткан аял жана аны сатып алган жаран кармалган. Алардын жанынан жалпы салмагы 20 жана 15 граммды түзгөн спайс алынган. Аталган эки жаран каттоого алынып, андан соң коё берилген.

"Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, биз спайс саткандарга чара көрө албайбыз. Учурда аны жарнамалагандардын өздүктөрүн тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Андай жарандар Биринчи Май районунда бар экени аныкталып, ал факт катталган",- деди А.Козубаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан