Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 10-мартта кол койгон токтомго ылайык, Кыргыз Республикасындагы Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартиби жана техникалык шарттарды сунуштоо эрежесине өзгөртүүлөр киргизилди.
Аталган токтом аркылуу курулуп жаткан объектилердин инженердик тармактарга технологиялык кошулуусу үчүн бирдиктүү акы төлөөнү киргизүү, техникалык шарттарды алууда бир катар процедураларды жөнөкөйлөштүрүү жана Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартиби жана техникалык шарттарды сунуштоонун жалпыга бирдиктүү жана экономикалык жактан негизделген, түшүнүктүү, ачык-айкын эрежесин орнотуу каралууда. Бул өз кезегинде техникалык ресурстарды камсыздоочулардын балансындагы тармактарды реконструкциялоо жана алардын кубаттуулугун жогорулатуу үчүн топтолмо фонддорду түзүүгө мүмкүндүк бермекчи.
Кабыл алынган токтом бизнес үчүн бир катар керектүү нормаларды камтыйт. Тактап айтканда, техникалык шарттарга камтылчу өзгөчө маалыматтардын тизмеси орнотулат. Алардын иштөө мөөнөтүн узартуу мүмкүндүгү киргизилет.
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, бардык куруучулар үчүн бирдей шарт түзүлүп, техникалык шарттарды алуудагы коррупциялык көрүнүштөр кыскармакчы.