Кыргыз-Орус Славян университетинин клиникасында операциядан каза тапкан жарандын өлүмү иликтенүүдө

Борбор калаада Кыргыз-Орус Славян университетинин алдындагы клиникада операциядан кийин каза тапкан жарандын өлүмү боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына акыйкатчынын кабылдамасынан билдиришти. 
"Бүгүн акыйкатчынын атына 20-февраль күнү каза тапкан Эдил Ногойбаевдин жакындарынан кайрылуу келип түштү. Анда маркумдун үй-бүлөсү бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, окуянын чын-төгүнүн аныктоону өтүнүшкөн. Учурда бул окуяны иликтөө максатында атайын комиссия түзүлүп, бул иш акыйкатчынын көзөмөлүнө өткөрүлдү",- деп билдиришти Акыйкатчынын институтунан. 
Айта кетсек, каза тапкан 34 жаштагы Эдил Ногойбаев аталган клиникадан моюнундагы тери астындагы шишигин алдырткан. Алгач ага клиниканын башкы дарыгери операция жасамай болуп сүйлөшүлүп, бирок операцияны башка дарыгер жасаган. Дарыгерлер Э.Ногойбаев 5-6 саатта өзүнө келерин айтышкан, бирок ал 6-7 сааттан кийин да өзүнө келбей койгон. Кечки саат 18:00 чамасында дарыгерлер колунан келгенин кылып, бирок бейтап каза болуп калганын билдиришкен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан