Ош шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан эки казино аныкталды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иштеп жаткан эки казино аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, казинолор эки айдан ашык убакыттан бери жашыруун түрдө иштеп жана өзүнүн туруктуу кардарларын гана кабыл алгандыгы да белгилүү болду. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, эки жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда бул казинолордун ээлерин аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tynara1983
2015-03-11 17:25:21
Эмне Бишкекте жок бекен? ? ? Кече эле бир тууганыбыз БИШКЕКте уйун сатып 10 000$ уттуруп чыгыптыр казиного. Депутаттар кокуй баарын жаап буттук деп уйалбай айтып чыгышты елего ? ? ?
0
zhykyo
2015-03-11 17:31:43
Бир уй эмне 10000 доллар турабы же уйларынбы
-2
azat_sokrat
2015-03-11 18:04:32
zhykyo, менин тушунугум ал киши малын эмес озунун жашаган уйун сатыптыр))))(дом)сиз башкача тушунуп калдыныз окшойт))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан