Кыргыз-тажик чек арасынан аткезчилик жол менен 16 тонна цементти алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыргыз-тажик чек арасынан аткезчилик жол менен 16 тонна цементти алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-март күнү Лейлек районунда чек арачылар тарабынан оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалган. Унаада эч кандай документтери жок 16 тонна цемент болгон. Аны кыргыз жараны аткезчилик жол менен Тажикстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, жүк Бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2015-03-11 17:29:11
Ап байкуш кичине акча кылайын деген экенда
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан