2015-жылдын алгачкы эки айында Бишкекте 12 адам өлтүрүү фактысы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, катталган фактылардын 11инин бети ачылган. Ал эми зордуктоо фактылары өткөн жылга салыштырмалуу азайган. Алсак, 2014-жылы 21 зордуктоо болсо, быйыл алгачкы эки айда 13 зордуктоо болгон. Катталган фактылардын 12синин бети ачылды.