* Мындан 58 жыл мурун, 1957-жылы мамлекеттик жана саясий ишмер, Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Өмүркулов Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Горная Маевка айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1980-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1976-жылы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Илимдер академиясында тоо кендери боюнча физика жана механика лаборанты болуп баштаган. 1995-2007-жылдары Жогорку Кеңештин I, II, III чакырылыштарынын депутаты, 2007-жылы Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын партиялык тизмеси менен Жогорку Кеңештин IV чакырылышына депутат болуп шайланган. Парламенттин Экономика тармактарын өнүктүрүү комитетинин мүчөсү болгон. 2010-жылдын апрелинен 2011-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу, 2011-жылдын 4-февралынан тартып Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган. 2013-жылдын 2-декабрында Башкы прокуратура тарабынан Иса Өмүркуловго кылмыш иши козголуп, ошол эле жылдын 4-декабрында мэрликтен кеткен.

* Мындан 134 жыл мурун, 1881-жылы
Мустафа Кемаль Ататүрк ошол мезгилде Осмон империясынын карамагында болгон гректердин Солоники шаарында төрөлгөн. Жарык дүйнөгө келгендеги аты – Мустафа. Кемаль (Мыкты) деген кошумча ысымга аскер окуу жайында окуп жүргөндө математиканы жакшы окугандыгы үчүн алган. Ал эми Ататүрк ысымы 1934-жылы Түркиянын Улуттук улуу жыйыны тарабынан берилген. Мустафа Кемаль Ататүрк 1938-жылы 10-ноябрда Стамбулда дүйнөдөн кайткан.

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Түркиянын Стамбул, Анталия сыяктуу бир катар шаарларында полиция кызматкерлерине каршы акциялар өткөн. Буга 2013-жылы жайында "Гези" сейил багында болгон митинг учурунда полиция кызматкерлеринин огунан башынан оор жаракат алган 15 жаштагы
Беркин Эльвандын өлүмү себеп болгон. 268 күндөн бери комада жаткан Беркин Эльван 8-март күнү Стамбулдагы клиникалардын биринде каза тапкан. Анын көз жумганын уккан жаштар Анкара шаарындагы чоң жолду тосушкан. Аларды таркатуу үчүн полиция көздү ачыштыруучу газ чыгарганда манифестанттар жооп катары таш ыргытышып, петардаларды жардырышкан. Эл баш ийбей калган учурда полиция водомёт жана газ гранаталарын колдонгон. Ал эми 12-марттан тартып өлкөнүн 22 шаарында демонстранттар колуна бөлкө нандарды көтөрүп алып полицияга каршы акцияларды өткөрүшкөн. Нан көтөрүп алышкандыгынын себебин Беркин Эльвандын митингге эмес, нан алганы сыртка чыкканда каза тапкандыгы менен түшүндүрүшкөн.

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты
Владимир Жириновский орус алфавитинен "Ы" тамгасын алып салууну сунуштаган. Жириновский:
“Бул түрү суук тамганы жоготуш керек. Азиаттарга таандык тамга, ушул тамга үчүн бизди Европада сүйүшпөйт”,- деп айтуу менен "Ы" тамгасы орус тилине монгол тилинен келип кошулганын билдирген.
“Бул тамганы айбанаттар колдонот, “ы-ы” деп. Бизге "И" тамгасы жетет”,- деп кошумчалаган Жириновский.