Бишкек-Ош унаа жолунда үч унаа сүзүшүп, айдоочулар ар түрдүү жаракаттарды алышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулук айылында үч айдоочу жол талашып, БМВ, Тойота жана Фольксваген үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада үч айдоочу тең ар түрдүү жаракаттарды алган. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.