Чүй облусунда дүкөндү тоноого шектелген эки жаран кармалды

Чүй облусунда дүкөндү тоноого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 36 жаштагы жаран кайрылган. Анда белгисиз жарандар анын дүкөнүнүн эшигин талкалап кирип, азык-түлүктөрдү жана акча каражаттарды алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы эки жаран кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан