Бүгүн, 12-мартта Бишкектеги кинотеатрлардын биринде туруктуу сүйүүнү баяндаган “Поларис шооласы” аттуу көркөм тасманын бет ачары өтүүдө. Ага Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев, тасманын жаратуучулары, башкы каармандар, кино сүйүүчүлөр катышууда.
Фильмдин режиссёру, сценаристи - Камчыбек Илиязов. Башкы каармандардын образын актёрлор Амантур Мусаев, Чолпон Темирбекова, Улан Медеркулов жаратышкан.
“Тасманы тартуу иштери 2014-жылдын май айында башталып, жакында аяктады. Кыргыз жеринин кооз жаратылышында, Түркиянын Анталия шаарында тартылды. Тасма жаштарга таалим-тарбия берет деген ойдомун. Анткени фильмде адеп-ахлак маселеси камтылган”,- деди К.Илиязов.