"Жетекчилер ижарага берилген жерлер боюнча, ошондой эле жерлерди жана мүлктөрдү сатып алуу-сатуу, жергиликтүү бийлик органдары, мамлекеттик каттоо органдары жана башка кызматтар менен тыгыз кызматташуунун эсебинен өздөрүнүн райондорундагы салык салынуучу базаны көбөйтүүнү пландап жатышат",- деп билдирди мекеме.
Алкоголдуу продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн кыскартуу жана өндүрүлгөн алкоголдуу продукциянын көлөмүн эсепке алуу жана толук көзөмөлдөө үчүн бир катар мыйзамдарга түзөтүү киргизүү каралып жатканы айтылды.