Ташполот Балтабаев аткезчилик менен күрөшүү начар жүрүп жатканын айтты

Бүгүн, 12-мартта парламент жыйынында депутат Ташполот Балтабаев өлкөдө пайдалуу кен иштетүү тармагындагы аткезчилик менен күрөшүү начар жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, аткезчиликтин күчөп кетишине бийликтин аткезчилерге болгон колдоосу себеп болууда. Бул маселени иликтөө үчүн парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады. "Кыргыз жеринде кендерди иштетүүгө 1374 лицензия берилиптир. Мунун 174ү алтын кендерин иштетүүгө берилген. Мамлекеттик геология агенттиги кимдин кызыкчылыгына иштеп жатат? Бизде Бажы кызматы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, милиция бар, анда неге аткезчилик болуп жатат?"- дейт Балтабаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан