Ак-Суу районундагы Боз-Учук айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмыш иши “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “жер мыйзамын бузуу” беренелери боюнча козголгон. Анткени 2012-жылы Боз-Учук айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары "аукцион өттү" деген жасалма протокол түзүү менен 6 гектар жер тилкесин 49 жылдык мөөнөт менен жеке жакка ижарага беришкен. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.