Бишкек-Ош унаа жолунда кичи автобус 3 жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Новопавловка айылында 26 жаштагы айдоочу үч адамды сүзүп кеткен. Натыйжада алар ар түрдүү оор жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилишкен. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.