Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Полтавка айылынын тургуну Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унааны башкарып баратып жол боюнда токтоп турган Фольксваген үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Натыйжада Фольксваген үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ар түрдүү жаракаттарды алган.
Ошондой эле Фольксваген үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 75-чакырымында жолдон өтүп бараткан адамды сүзүп кеткен. Натыйжада Кара-Балта шаарынын 54 жаштагы тургуну оор жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.