Өлкөдөгү банктардын биринин менеджери жеке ишкердин акчасын менчиктеп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, банк менеджери Б.Г. жеке ишкердин салык үчүн берген 38 миң сомун өзүнө чегерип алган. Учурда “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” жана “коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.