Ошто жашы жете элек кыздын таякелери тарабынан зордукталышы боюнча кылмыш иши сотко өткөрүлгөн

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жашы жете элек кыздын таякелери тарабынан зордукталышы боюнча кылмыш ишинин тергөө амалдары аяктап, иш соттук кароого өткөрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. 

згөн районунда 65 жаштагы жаран 36 жана 22 жаштагы балдары менен жашы жете элек кызды эки жыл бою зордуктап жүргөн факты боюнча кылмыш ишинин тергөө амалдары толугу менен аяктаган. 6-январь күнү ал Өзгөн райондук сотуна жөнөтүлгөн. Учурда бул иш соттук кароодо, азырынча жыйынтыктары чыга элек",- деди Ж.Ашырбаев. 

Айта кетсек, 2014-жылдын 8-декабрында Өзгөн райондук милициясына арыз менен 47 жаштагы Т.К. аттуу айым кайрылган. Анда ал анын кызын 10 жашынан баштап таякеси эки баласы менен зордуктап келгендигин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында соттук-медициналык экспертиза кыздын зордукталгандыгын аныктаган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүмү, 111-беренесинин 2-бөлүмү жана 161-беренеси боюнча кылмыш иштери козголуп, 65, 36 жана 22 жаштагы жарандар кармалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
marmilantka
2015-03-12 11:50:19
Дагы деле буто елекби не иш кылтасынар озу жеп ичишти еле билесинер ушуга окшогондорду тез арада чечип жазасын бербейсинерби канчалаган жаш кыздарды зордоп жатышат, жазасын кучтуроок еле кылып койгулачы же жанагы жерин кесип салыш керек кечиресинерго.
+5
Kalin466
2015-03-12 12:07:14
Акмак адамдар десе.Супер инфо,ушундай айбандарга кандай жаза колдонуш керек деген сурамжылоо кылбайсынарбы. Силер аркылуу элдин унун угушар балким жогор жактагылар.
-1
admin_portal
2015-03-12 12:13:55
Kalin466, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
0
samina86
2015-03-12 12:34:53
кимиси канча акча бере галат экен деп кутуп жатышса керек да
+2
kama_future_millioner
2015-03-12 13:10:53
Уят эле
0
zhykyo
2015-03-12 14:32:18
Келесоолор акмактар эшектин кобун ушулар жеген окшойт ананда таекелери ташбаранга алыш керек
0
Arlenchik
2015-03-12 15:32:59
Бул акмактарды озулоруно жараша жазасын бериш керек тарбия ыйманы жок акмактар.
+1
kyrgyz.93
2015-03-12 16:00:54
Кимиси көбүрөк акча бере калат экен ошого карап өкүм чыгарайлы деп жатса керек да мындайларды өрттөп эле салыш керек
0
Bektur2
2015-03-12 16:10:34
Сотоп ушунча убакыт откорбой эле Зордуктаганы аныкталгандан кийин таш-баранга алып салса элдин алдына алып чыгып
0
milan_92
2015-03-12 21:38:42
olumgo tatyktuu bular attyryw kerek
0
Nurlankg92
2015-03-13 01:22:21
Бироо емес екоо емес учоо, кыздын ата енеси да жинди екен, сотко кайрылгача ХХХ ХХХ ХХХ, сот кооп болсо Бирону камайт 7жылга.
0
admin_portal
2015-03-13 09:55:52
Nurlankg92 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан