Чоң-Алай районунда калың жааган кардын кесепетинен айрым ички чарбалык жолдор убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, калың жааган кардын жана бороондун кесепетинен Кулчу, Кара-Шыбак, Шиве, Чулук айылдарына баруучу ички чарбалык жолдор убактылуу жабылган. 12-март күнү Чоң-Алай айыл аймагы тарабынан күйүүчү май менен жеке менчик 1 бульдозер камсыздалып, тазалоо иштери башталды.