Бишкекте Жеке турак жай жана курулуш департаментинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкек шаардык мэриясынын Жеке турак жай жана курулуш департаментинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылган. Анда ал аталган департаменттин кызматкери жер маселеси боюнча соттун оң чечим чыгарышына жардамдашарын айтып, 600 доллар талап кылганын билдирген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү 18 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurlankg92
2015-03-12 14:22:51
Ечкимге айтпа дебедин беде.
Аман еле болгулачы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан