Кара-Балта шаарында жол кырсыгы катталып, 5 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-март күнү таңкы саат 07:45 чамасында Жайыл районунда болгон. Анда Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа алдынан чыккан Тойота үлгүсүндөгү унаадан качам деп жол боюндагы бакты сүзгөн. Натыйжада Мерседестин 5 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып, анын ичинен үчөө аймактык ооруканага жеткирилген.