Премьер-министр Жоомарт Оторбаев "Айыл чарбасын каржылоо-3" долбоорун бекитүү тууралуу өкмөттүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Долбоордун алкагында дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилет. Берилчү насыялардын жылдык пайызы өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен алектенгендерге 10 пайыз, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, үрөн чарбачылыгы менен алектенгендерге 9 пайыз. Насыяны төлөө мөөнөтү 2 жыл.
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн аталган маселе боюнча район акимдери менен кеңешме өткөрө турганы айтылды.